Биз социалдык тармакта

Бишкекте Нооруз майрамына карата масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек мэриясы "Нооруз-2024" жаз майрамына арналган майрамдык программа даярдады. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, быйыл жаз майрамынын урматына 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ал эми Ала-Тоо борбордук аянты улуттук стилде жасалгаланган. Бул күндөрү көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш менен тамактануу зоналары уюштурулат.

- 20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

- 21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22:00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

- 22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарды концерттик программа күтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан