Бүгүн, 18-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматы үчүн сатып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдуулар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жабдууларды алууга бюджеттен каражат бөлүнгөнүн билдирди. Сатып алынган аскердик-техникалык жабдыктар чек ара бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.