Биз социалдык тармакта

Ошто “Манас-Ата” муниципалдык аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жашоочулар менен болгон жолугушууда берген убадага ылайык, аймактагы негизги маселелер менен таанышып, абалды жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, калаа башчы А.Навои, Алай, Ж.Раимбеков (мурдагы Зайнабетдинов), Мотор, И. Раззаков, У.Салиева, Ж. Касымбеков көчөлөрүндө жашаган жергиликтүү тургундардын жашылдандыруу, мыйзамсыз курулуштарды, уруксаты жок соода-сатык түйүндөрдү алып салуу, ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды куруу, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында балдардын аянтчаларын уюштуруу, шлагбаумдарды, таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча маселелерин укту.
алаа башчысы жарандардын кайрылуулары эске алынарын белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине калктын атап кеткен маселелерин чечүү үчүн иш планга киргизип, тийиштүү жумуштарды аткаруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан