Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын айрым аймактарында жылуулук берүү токтотулду

Ош жана Жалал-Абад облустарында жылытуу мезгили акырындык менен аяктап жатат. Бул тууралуу “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасы билдирди.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, 15-18 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду:

  • Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын 6 отканасы токтоду, калган 3 откана иштеп жатат;
  • “Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын бардык отканалары токтоду;
  • “Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын бардык отканалары токтоду;
  • “Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын бардык отканалары токтоду;

Белгилей кетсек, эгерде 5 күн катары менен орточо суткалык температура +8 градустан жогору болсо, жылуулук берүү токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан