"Иштегени барышкан". Москвада мекендеш кыздарды тоногонго шектүү жигиттер кармалды (видео)

Москва шаарында мекендештерине кол салып келген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 3 белгисиз адам турак жайга кирип, каракчылык менен кол салышкан. Курал катары бычакты колдонушуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутушуп, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алышкан. Кол салгандар эки кыздын кымбат баалуу телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын алып кетишкен. Белгисиз адамдар өз аракеттери менен жабырлануучуларга олуттуу материалдык зыян келтиришкен.
Кыргызстандын жарандарынын арыздары Москва шаары боюнча полиция бөлүмүндө катталган. Жабырлануучу кыздар Кыргызстандын 1998-жылы жана 2000-жылы туулган жарандары болушат.
Орусия ИИМнин тергөө бөлүмү тарабынан чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул иштин алкагында жогорудагы каракчылыкка шектүү катары үч жаран кармалган. Кармалгандардын баары Кыргыз жарандары болушат. Алар Баткен облусунун 2003-жылы туулган тургуну Р.Р., Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1996-жылы туулган тургуну К.Н., Ош облусунун Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж.Б..
"Үчөө тең иштегени Орусияга келишкен, азыр Москвада жашашат. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатат", - деп билдиришти ИИМден.
Москвада мекендештерин тоногонго шектүүлр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан