
Өлкө аймагында жер титирөөнүн толкуну 4 баллга чейин жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:47де Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Коңшу өлкөдөгү жер силкинүүнүн толкуну Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Ал эми Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга чейин байкалган.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.