
Өлкө аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:12де өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер силкинүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 9:47де Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Коңшу өлкөдөгү жер силкинүүнүн толкуну Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 баллга чейин сезилсе, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга чейин
байкалган.