"Крокустагы" теракт учурунда адамдарды куткарып калган Ислам жана анын ата-энеси менен президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөн.
Исламдын Атасы Бактияр Сузактан, апасы Айпери Өзгөндөн, өзү үч бир туугандын улуусу экени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарып калган.
15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт.