Бүгүн, 25-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 207 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө. Бул көрсөткүч суу сактагычындагы суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйгөнүн билдирет.
Ал арада өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда.