
Бүгүн, 25-мартта өлкө аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө +19...+24 даража,
Талас аймагында +19...+21,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25,
Ысык-Көл жергесинде +10...+15,
Нарын өрөөнүндө +9...+14 градус жылуу болот.
Ал эми борбор калаада абанын температурасы +22...+24 даражага жылуу болсо, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.