Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка караганда, азыркы тапта заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод былтыр Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен 133 миллион сомго курулууда.
"Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Мында шаардан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми алдыда кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.