Матиз унаасынын айдоочусуна 3 протокол боюнча айып салынды. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Ага ылайык, Милициянын кайгуул кызматы Матиз унаасынын айдоочусу кечирим сураган видеосун жарыялашты.
Маалыматта кабарлагандай, айдоочу Дэу Матиз унаасы менен кызматкердин токтотконуна баш ийбей айдап кеткен. Жол кесилишке келгенде жолдун каршы тилкеси менен айдап жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылган.
Айдоочуга 20 миң 500 сом айып пул салынып, унаасы айып короого токтотулду.