Биз социалдык тармакта

"Күн ысыйт". 26-мартка карата аба ырайы

Эртең, 26-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт жана күндүн табы катуу ысышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27 градус,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +11…+16 даража.

Баш калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +24…+26 градуска жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан