ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгын текшерүүдө “пара алган” деп шектелип салык инспектору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, салык инспектору 800 миң сом салык төлөбөй койгондугу үчүн ишкана жетекчисинен 25 миң сом өлчөмүндө пара алган.
Кылмышка шектүү адамды бүгүн, 19-декабрда пара алып жаткан жеринен кармашкан.