
Кара-Сууда түн жамынып үйлөргө уурулукка кирип жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-январда милицияга 1982-жылы туулган Г.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылы 4-декабрга караган түнү өзү жашаган үйгө белгисиз бирөө кирип, сумкасынын ичинен 45 миң сомун уурдап кеткендигин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ноокат районунун 2002-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну кармалган.
Ошондой эле тергөөдө ал башка дагы 7 үйгө кирип, акча, сыналгы, уюлдук телефондорду, ноутбуктарды уурдаганы аныкталган.
Жарандарга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 500 миң сомго чукул сумманы түзөт.
Учурда жабырлануучуларга келтирилген зыяндын орду толтурулуп, тергөө амалдары уланууда.