
Алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында 2001-жылы туулган жарандын iPhone 13 Pro телефонун 2002-жылы туулган А.Б. сүйлөшүп алуу үчүн сураган. Андан соң ал сүйлөшүп жаткан түр көрсөтүп, байкатпастан качып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга 60 миң сом зыян келгендиги аныкталып, качып кеткен жаранга издөө жарыяланган.
Кызыл-Кыя шаардык милициясы Орусиядагы кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн А.Б. кармалып, өлкөгө алынып келинген.
Учурда шектүү убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.