Бишкекте жол кырсыгынан 2 адам жабыркады

Бүгүн, 19-декабрда саат 20:00дөр чамасында Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Масалиев көчөсү менен катуу ылдамдыкта келе жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаа Токтоналиев көчөсүнөн чыга калган Ниссан үлгүсүндөгү унааны сүзүп, окуя болгон жерден 40-50 метр өтүп барып араң токтогон. Жол кырсыгынын кесепетинен Ниссан унаасындагы жүргүнчү аял жаракат алып, аны "Тез жардам" кызматы алып кетти. Ал эми БМВдагы колу сынган жигит такси менен ооруканага жөнөтүлдү. Окуя болгон жерге Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери келип текшергенде БМВнын 17 жаштагы айдоочусунун айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
uson.abdullov
2013-12-19 23:15:42
такси менен кеткени кызыктуу екен
-2
uson.abdullov
2013-12-19 23:17:42
эми кимге зыян.кимге пайда?
-2
zhorobek1993
2013-12-20 01:14:27
Урматтуу супер инфонун жааматы Баткендин Аксай айылында болуп жаткан чыр чатакты деле кабарлап койсонуздар сиздерден сураныч темага туура келбеген суроо учун алдын ала кечирим сурайм
-1
admin_superstan
2013-12-20 09:28:45
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан