24-25-декабрда Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште чемпиондук үчүн уландар 8 салмак категориясында жарышка түшүшсө, кыз-келиндер 7 салмак категориясы боюнча жеңүүчүнү аныкташат. Өлкө чемпиондугуна жалпысынан 120 спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештин жыйынытыгында Кыргызстан улуттук курама командасы түзүлөт.