
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-мартта милицияга Ош шаарынын Д.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр күзүндө С. аттуу жаран Лексус үлгүсүндөгү унаасын 650 миң сомго баалап алып, бирок акчасын бербей из жашырып кеткендигин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1986-жылы туулган А. уулу С. аттуу жаран кармалган. Тергөөдө ал мурда соттолгону, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турары аныкталган.
Учурда терөө амалдары уланууда.