Биз социалдык тармакта

Баткенде Халмион базарында өрт чыкты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы базардан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаал министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр (Халмион) базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу түнкү саат 02:29 чамасында маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Ага ылайык, базардан чыккан өрт саат 04:07 чамасында чектөөгө алынып, саат 07:01де толугу менен өчүрүлдү.

"Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2 миң 380 чарчы метр аянтты камтыган.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Ал эми өрттүн кесепетинен жабыр тарткандар жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан