Биз социалдык тармакта

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата массалык чуркоо иш-чарасы болот

6-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата массалык чуркоо иш-чарасы болот.

Ага ылайык, иш-чара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Ливиу Ведрасконун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өлкөнүн атактуу спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековдун жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өтөт.

"Иш-чаранын катышуучулары саат 10:00дө, "Газпром" ДЧК, Жайыл Баатыр көчөсү, 66 дарегинен баштап чуркашат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы бул чуркоо “Ден соолук караваны” жалпы элдик чуркоонун башаты болот. Анын алкагында өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан жарандар чуркоого катыша алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан