Биз социалдык тармакта

Өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашты

Өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова маалымдады.

"Майыптыгы бар адамдардын саны бүгүнкү күндө 213 миңден ашты. Анын ичинен 18 жашка чейинкилердин саны 37 миңден ашык. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын өсүүдө", - деди ал.

Министр ден соолугунун абалынан улам саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөсүн алган жарандар тийиштүү комиссия тарабынан күбөлөндүрүүдөн өткөн соң майыптуулук статусун аларын кошумчалады.

"Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жыл сайын 40 миңге жакын чоңдорго жана 15 миңге жакын балдарга күбөлөндүрүүгө жолдомо берилет", - дейт Баатырова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан