
Оор атлетика боюнча улуттук курама команда Пхукет шаарында (Таиланд) өтүп жаткан лицензиялык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Спорт департаменти билдирди.
Мелдештер 27-март күнү башталган, 12-апрелде жыйынтыкталат. Эртең, 3-апрель күнү 73 килограммга чейинки салмакта Эльзар Таиров чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.
Курама команданын тизмеси:
- 102 кг Бекдөөлөт Расулбеков;
- 89 кг Эмил Молдодосов;
- 67 кг Ишимбек Муратбек уулу;
- 73 кг Эльзар Таиров;
- 96 кг Нурсултан Тармалов.
Курама команда башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Лицензиялык мелдешке 109 өлкөдөн келген 409 спортчу катышууда.