
Ош шаарынан изделип жаткан аял Баткен шаарынан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде милицияга Ош шаарынын убактылуу жашоочусу 61 жаштагы П.М. анын 33 жаштагы П.Р. аттуу кызы жашаган үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткандыгын айткан. Арыздын негизинде издөө жарыяланган.
4-апрелде Баткен шаарынан издөөдө жүргөн жаран шаардык милиция тарабынан табылып, Ош ШИИБине кабарлама берилген.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.