Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин директорунун орун басары алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Шамил аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Чолпон аттуу аялга баласын окуу жайга киргизүү үчүн 30 миң сом акча бергени жазылган. Ошондой эле дагы бир Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чолпон деген аялга диплом жасатып берүү үчүн 10 миң АКШ долларын бергенин жазган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 48 жаштагы К.Чолпон кармалган. Ал учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Асаналиев атындагы тоо кен иштери жана тоо кен технологиялары институтунун директорунун орун басары кызматында эмгектенет. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.