Бишкекте 23 жаштагы кыз мас абалында унаа уурдап качты
Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарында Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны уурдап качкан кыз кармалды. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Милицияга бүгүн, болжол менен саат 8:45 чамасында кең Чүй көчөсүндө жайгашкан Бишкек ЖЭБтин алдында токтоп турган унааны билгисиз жарандар айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган О.Ж. аттуу кыз мас абалында унааны айдап бара жаткан жеринен кармалды. Ал Свердлов райондук ИИББинин Тергөө кызматына жеткирилди.