
Бишкекте уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-мартта милицияга С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол күнгө караган түнү белгисиз адамдар Элебесов көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүнүн дубалын талкалап кирип, 350 миң сомдук азык-түлүктү жана төлөм терминалынан 24 миң сомду уурдап кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган О.Б. жана 1999-жылы туулган М.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.