Сокулукта бир адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен шектүү кармалды

Сокулук районунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде саат 02:30 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Шопоков шаарынын Фрунзе көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан, 1978-жылы туулган К.Н.ны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 144-беренесине (Коркунучта калтыруу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2005-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал мас абалында болгон.

Кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, унаа айып короосуна киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан