Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков ЖЭБди жарылуу болгонго чейин текшергендер жоопко тартылышы керек дейт.
Ал Жаратылыш министрлиги Бишкек Жылуулук электр борборунун абалын авариядан 15 күн мурун текшергенин эске салды.
"ЖЭБдеги окуяга чейин "15 күн мурун биз барып ичин текшергенбиз" дегенсиздер. Текшергенден кийин жарылуу болду. Буга министрликтен ким жооп берди?", - деп сурады Самаков.
Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулова Бакыт Төрөбаев жетектеген комиссия өз ишин аяктап, териштирүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатканын билдирди.
"Азыркы күндө териштирүүлөр болуп жатат. Комиссиянын жыйынтыгы чыккан. Бирок териштирүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатышат", - деди ал.
Өз кезегинде депутат ЖЭБди текшергенден кийин корутундуга кол койгондор жоопко тартылышы керектигин баса белгиледи.