Бишкектин Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды

Быйыл Бишкекте И. Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алардын бири Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу байланыштыруу долбоору. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 8-апрелде аталган жолдун курулушу башталды.

"Жол Аламүдүн дарыясынынын жээги менен салынат. Учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүров көчөсү менен Медеров көчөсү аркылуу төмөндү көздөй уланып, Л. Толстой көчөсүнө түшөт. А. Сүйүмбаев көчөсү менен ортодогу темир жолдон бириктирилет",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми жолдун узундугу 1,4 чакырымды, туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригация тутуму жана жөө адамдар үчүн тилке каралган.

Ошондой эле жаңы жол тилкеси быйыл пайдаланууга берилет. 7-апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө параллель альтернатива пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан