Бишкекте 3 автобустун каттамы жарым-жартылай өзгөрдү (тизме)

Бишкекте бүгүн, 9-апрелден тарта №55, №56 жана №226 автобустардын каттамы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чаралар шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашты.

Эми №56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат. Ал эми №55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.

Ошондой эле №226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилди. Ал Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Медеров көчөлөрү менен каттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан