Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев тосуп алышты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.