Боомдо СССРден бери турган Чүй облусунун стеласы алмашты (фото)

Чүй облусунун Кемин районунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен аймагында жаңы стела курулуп бүттү. Бул тууралуу Чүй облустук администрациясынан кабарлашты.
"Бул аймакта азыркы мезгилге чейин СССР учурунда курулган стела турган, бирок убакыттын өтүшү менен анын эстетикалык көрүнүшү бузулуп, айлана-чөйрөгө жагымсыздык жаратып келген.
2023-жылы стеланы жаңылоо чечими кабыл алынып, жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен курулуш аягына чыкты", - деп жазылат андагы билдирүүдө.
Стела өзүнө Чүй облусунун эн белгисин камтып, темир металлдан жасалган.
Келечекте бул стеланын жанына туристтер үчүн ыңгайлуу "таанытуу борборлору" сыяктуу башка дагы курулмалар курулуусу пландалып жатат. Ал борбор аркылуу чет элдик жарандар жана өзүбүздүн эс алуучулар облустун ар кайсы булуңундагы эс алууга ылайыктуу жайлар менен таанышуу менен бирге, тамактануу жана башка кызматтарды пайдалана алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан