Өзгөндө кош бойлуу өспүрүм кыз көз жарды. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, былтыр декабрда милицияга жашы жете элек кош бойлуу кыз боюнча маалымат түшкөн.
"2023-жылдын 15-декабрында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 17 жаштагы кыз кош бойлуу экендиги тууралуу маалымат катталган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз", - деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 17 жашар кыз апрель айынын башында төрөп, эне-бала төрөт үйүнөн чыгарылган.