Жалал-Абад санаториясы мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси
Каныбек Туманбаев социалдык баракчасына жазды.
Туманбаев санаториянын абалы менен жеринен таанышып, жетекчилигине тапшырмалар берилгенин билдирди.
"Биринчи кезекте курортто санариптештирүү иштерин жүргүзүп, электрондук төлөмгө өткөрөбүз, накталай төлөм жүргүзүү же өзүнчө касса деген түшүнүк жок болот. Бул кадам түшкөн каражаттардын сол чөнтөккө кетүүсүнө бөгөт коёт", - деди ал.
Ошондой эле ал санаториянын кызматкерлери менен жолугуп, айлык көтөрүлөрүн убадалаган.
"Биздин алдыбызда бир гана максат бар - ал элдин жаркын келечеги үчүн, президентибиз берген тапшырманы өз убагында аткаруу. Жумуш жеңил эмес, тоскоолдуктар бар, бирок ага карабай максаттарга карай багытыбызды улайбыз", - деп жазат Туманбаев.