2013-жылдын 11 айында Ош облусунун аймагында 651 жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 177 адам каза болгон. Бул тууралуу 19-декабрда облустук коллегиялык жыйында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк жол кырсыктары Ош- Бишкек жолунда, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 7ге чейин катталат.
Муну Айжигит Закиров "бул убакытта Бишкектен келе жаткан айдоочулар шаарга кирип калгандыктан чарчаганына карабай айдап, уктап кетишет" деп түшүндүрдү.