Жайыл районунда аялы күйөөсүн бычак менен сайып салды. Алган жараатынан 42 жаштагы жаран каза тапкан. Бул туурасында Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 18-декабрь күнү аялы менен күйөөсү спирт ичимдиктерин ичип, андан соң экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, аял ашкана бычагы менен күйөөсүн сайып салган. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.