
Ошто жардан түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Папан суу сактагычына 1999-жылы туулган А.К. аттуу эркек киши жардан түшүп кетип, өз алдынча чыга албай калган.
Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу барып, эркек кишини алып чыгышкан. Андан соң Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.