Бишкекте каракчылык кылганга шектелип кармалган топто жашы жете электер дагы бар. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-апрелде милицияга А.К аттуу пакистандык арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 22:30 чамасында Логвиненко көчөсүнөн белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп, 20 миң сомдук iPhone 12 үлгүсүндөгү телефонун жана банк карталарын тартып алышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1992-жылы туулган С.И., 2008-жылы туулган Б.А. жана 2006-жылы туулган А.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Текшерүү учурунда алардан уюлдук телефон жана белгисиз үлгүдөгү тапанча табылып, далил катары кылмыш ишине тиркелген.
Учурда тергөө иштери уланууда.