Бишкекте жашы жете элек Ислам Мамырканов дайынсыз болууда. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, 9-апрелде милицияга М.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылы туулган уулу 8-апрель саат 13:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Исламдын өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр, көзү күрөң, чачы кара кыска.
Кийген кийимдери: ак көйнөк, кара жинсы шым, кара спорттук бут кийим, көкүрөгүндө USPA деген жазуусу бар көк түстөгү капюшондуу куртка.
Милиция маалыматы бар жарандарды кабарлоого чакырат. Байланыш телефондору: 0704 103-102, 0557 11-94-10, 0702 96-70-80, 0312 43-28-15 жана 102.