Ош шаарындагы "Манас Ата"  кафеси бузулуп жатат (фото)

Ош шаарында мыйзамсыз курулган "Манас Ата" кафеси буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардагы А.Шакиров көчөсү №152 дарегинде жайгашкан бул жер 2018-жылы мамлекеттик экспертизанын кортундусу менен жеке менчик турак үй курууга берилген. Кийин жердин өзүм билемдик менен эки кабаттуу жеке менчик турак үйдү макулдашылган долбоордон сырткары кеңейтип, өз алдынча кафеге өзгөртүп алган.

2019-жылдын 9-апрелинде имаратта архитектуралык иш кагаздарын көрсөтүү боюнча текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, четтетүү тууралуу эскертме берилген.

Берилген бузууларды четтетүү тууралуу эскертменин талаптары аткарбагандыктан ошол эле жылы 24-апрелде контролдук текшерүү актысы түзүлүп, Ош шаардык сотуна доо арыз берилген.

Сот кафе ээлери имаратты өз эсебинен буздурулсун деген чечим чыгарган. Кийин кожоюндар аппеляциялык арыз менен сотко кайрылышып, алардын даттануусу канаатандыруусуз калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан