Бишкекте ысык суу 22-апрелден тарта 1-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ЖЭБдин директору Алпбек Садыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жылуулук электр борборунда жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштерине байланыштуу ысык суу узак мөөнөткө өчүрүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин ысык суу бир айга өчүрүлүп келген.