Биз социалдык тармакта

Ошто Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо иш-чарасы болот

Ошто Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо иш-чарасы болот. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эртең, 12-апрелде саат 8:30да борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы башталат.

Ага ылайык, масштабдуу спорттук иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат. Активдүү катышкандар байгелүү белектер менен сыйланат.

"Иш-чаранын алкагында акысыз медициналык анализ жүргүзүү жана кеңештерди берүү үчүн көчмө лабораториясы дагы иштейт",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан