Ош шаарында эки окуучуну унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-апрель күнү саат 15:00 чамасында болгон. Панфилов атындагы №23 орто мектебинин 8-классынын окуучулары, 2010-жылы туулган К.А жана 2009-жылы туулган М.Д. жөө жүргүнчү өтүүчү жерден өтүп бара жатканда Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен.
Окуучулар алган жараатынан улам Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына кайрылган.
Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Анын жыйынтыгында айдоочунун аты-жөнү аныкталып, 1996-жылы туулган К.Н кармалган. Унаасы айып короого киргизилди.