Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү жасалма акча сатууга шектелип кармалды (фото)

УКМК бүгүн, 11-апрелде Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү жасалма акча сатууга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1975-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну тарабынан 100 доллар өлчөмүндөгү жасалма акчаны адалдоо иш-аракеттери аныкталган.

Буга байланыштуу 8-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Т.М. жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Тинтүү учурунда анын жанынан 19 миң 800 доллар өлчөмүндөгү жасалма акча табылган.

Учурда кармалган жаран 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан