Ош шаарынан кыз ала качкан жигиттер Кара-Кулжа районунан кармалышты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрель күнү саат 16:30 чамасында белгисиз жарандар Ош шаарынын тургуну А.А. аттуу кызды Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып, ала качып кетишкен.
Бул факты Ош ШИИБге катталып, “Курчоо” иш мерчеми киргизилген.
Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Кара-Кулжа райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылындагы чоң жолдо аталган унаа токтотулуп, ала качып кетти делген 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз жана ала качып бара жаткан Кара-Кулжа районунун тургуну 2002-жылы туулган А.Б аны менен кошо унаанын айдоочусу Ош шаарынын тургуну 1999-жылы туулган М.у.Д. кармалган.
Кармалган жарандар Тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген.