Бишкекте жаранды тоногонго шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга Ш.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү түнкү саат 01:00 чамасында белгисиз адамдар аны Калык Акиев менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кеслишинен күч колдонуп, сумкасын тартып алышканын айткан. Сумканын ичинде 9 миң сом жана баасы 4 миң сом турган Bitel үлгүсүндөгү телефон болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1997-жылы туулган Т.А. жана 2006-жылы туулган Д.О. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.