Ак-Талаада айылдашынын токтоп турган унаасын айдай качкан жаран кармалды

Ак-Талаа районунда айылдашынын унаасын айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

9-апрель күнү болжол менен саат 12:30 чамаларында Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылынын тургуну 64 жаштагы жарандын үйүнүн эшигинин алдында токтоп турган өзүнө тиешелүү Ниссан-Пресаже автоунаасын белгисиз адамдар уурдап айдап кетишкен.

Уурдалган автоунааны жана белгисиз кылмышкерди табуу багытында атайын издөө боюнча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө унааны уурдай качкан ошол эле айылдын тургуну 41 жаштагы А.Р. аттуу жаран Ак-Талаа районунун аймагынан кармалып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда Ак-Талаа РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан