Өлкөгө 26 тонна жезди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Өлкөгө 26 тоннага жакын жезди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Жалал-Абаддагы кызматкерлери Т.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volvo FH500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Токтоткон унааны текшерүүдө жалпы салмагы 25 миң 941 килограмм болгон жез табылган. Товар Өзбекстандан контрабандалык жол менен алынып келе жатканы аныкталып, жүк убактылуу сактоочу кампага киргизилген.

"Товардын жалпы баасы Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусу боюнча 14 миллион 267 миң 550 сомду түздү. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 миллион 546 миң 758 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми чогултулган материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан