Өзгөн шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, атайын кызмат Өзгөн шаарындагы Азнабакиев атындагы борбордук стадиондун жана сейил бактын жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктаган.
Аталган участоктор 2003-2005-жылдары жарандарга убактылуу пайдаланууга берилип, кийин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Жеке колго алынган жер тилкелерине 2 чайкана курулган.
Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында баалоо экспертизасы дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча объекттердин базар наркы 42 миллион 407 миң сом турары белгилүү болгон.
Мындан улам жер тилкелеринин жана чайкананын ээлери келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аталган объектилерди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен.